Гүлжигит Сатыбеков Балалык (New version)
00:03:18
Жүктөлгөн: 22-08-2014
03:18
4.41 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (32)
damir11
2014-08-24 01:36:54
Красавчик деген создун кыргызчасы Гулжигит дегиле.
0
suiutbekov1989
2014-08-24 04:06:56
Мага эми барибир деген ырында башынан иштеп чыкса ото жакшы болмок азамат гулжигит аке ийгилик
0
KG_vip
2014-08-24 14:24:08
Балалыгымды эске салып койдуда... жакшы ырдаптыр
+1
Azyk
2014-08-24 18:09:03
Кайрадан эле мен урматтуу админ. Жанылбасам сиздердин 508 санында Камчыбек Жусупов жонундо макала жарыка чыккан экен, ырларын кочуруп алайын десем тандоодо жок, ырлары жуктолгон экен чачыранды, ар кайсы жактан таап чыктым, кыргыз музыкасынын маданиятын байыткан 150дон ашуун обондордун автору Камчыбек Жусупов тизмеде жок экендиги окундурбой койбойт, сиздерде болгон ырларын бир ирээтке келтирип авторду тизмеге кошуп койсонуздар жакшы болоор эле. Таланттуу агабыздын озунун аткаруусундагы ырлары ком
0
admin_superstan
2014-08-25 00:01:42
Azyk, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Эсибизде болот.
0
ayakosya
2014-08-24 20:28:41
Гулжигит байке ватсап хонда фит деген ырларды чыгарсаныз сонун болот эле.
+4
liliemir
2014-08-24 23:48:27
Азаматсын Гулжигит!!!
0
liliemir
2014-08-24 23:56:37
admin_media эмнеге кочуруу болбой жатат ?токтоп калып жатат жарымына келип.
0
admin_superstan
2014-08-25 00:01:18
liliemir, Саламатсызбы!
Телефон менен кирсеңиз, Опера Мобайл браузерин орнотуңуз. Эгер компьютер менен кирсеңиз, көйгөй тууралуу кененирээк купуяма жазып койсоңуз.
+1
spb007kg
2014-08-25 03:06:37
Аявай жакшы супер! Бир балалыкты эстеп кыргызстанга барып келдимго кандай сонун ээ
0
ggvatua
2014-08-25 12:11:22
Ай-иий,красавчик акабиз,дагы бир уккулуктуу ырды жарарткан экен.Деги эле ушул жигиттин ырлары баары жагат."Агенттеги махабат"деген ырына бирге иштеген орустарды куп бийлеттик да,кошулуп ырдап коут,чиркиндер!
+1
arman00
2014-08-25 16:32:20
admin_superstan саламатсызбы .улан ташкажоевдин торгой деген ырын жуктоп койосуздарбы сураныч
-1
WINNER
2014-08-29 00:05:25
Сонун!
0
gulperi92
2014-10-16 15:48:50
Гулжигит акенин ырлары ото соонунда
+1
kana21
2015-01-26 10:21:41
саламатсызбы админ Самара атуу ырды жуктоп коёсуздарбы?
0
Isaevk
2015-07-24 02:31:04
Азамат Гулжигит аке жарайсын.
0
munara86
2015-12-13 22:51:59
Бул ырды мурда угуп корбоптурмун. соонун ыр экен
0
Гүлжигит Сатыбеков "Балалык (New version)"
Сөзү : Г.Сатыбековдуку
Обону : Г.Сатыбековдуку
Өмүр чиркин суудай агылып,
Балалыгым кетти агызып.
Узадыбы менден билинбей,
Же кеттиңби мага таарынып.

Кайырма:
Айланайын алтын балалык,
Сенде кетти аруу тазалык.
Жолугалы дагы бир өмүрдө,
Түбөлүккө бирге калалык.
Айланайын алтын балалык.

Куштай сызып канат кагылып,
Айылыма келдим сагынып,
Көздөн учат ширин балалык,
Кайда калдың менден жашынып

Кайырма:
Айланайын алтын балалык,
Сенде эле го аруу тазалык.
Жолугалы дагы бир өмүрдө,
Түбөлүккө бирге калалык.
Айланайын алтын балалык,

Кагылайын ширин балалык
Сенде элего аруу тазалык.
Жолугалы дагы бир өмүрдө,
Түбөлүккө бирге калалык.
Айланайын алтын балалык,
Кайда калды биздин балалык?
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан