Анарбек Ибраев Көл жээгинде
00:03:34
Жүктөлгөн: 02-11-2015
03:34
4.18 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (0)
Анарбек Ибраев "Көл жээгинде"
Көлдүн жээги, бирге басып салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунуп шарпылдап.
Кош бол дедиң көпкө карап, кол булгап,
Кете бердим пароходдо калкылдап.

Эми алысмын, куса болом самасам,
Бирок сенин бир жүргөнсүйт тамашаң.
Түбөлүккө өмүрүмдүн шериги,
Жарым сүйүп, жалгыз сени жараткан.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңдү карасам.

Ар кыл мүнөз, элестериң эсимде,
Бассам-турсам ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын дейт түбү келип сабырдын,
Сагынуунун зардалына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушар убакыт,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан