Самара Каримова Биз экөөбүз
00:03:44
Жүктөлгөн: 02-06-2016
03:44
4.26 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (6)
Biinura
2016-06-03 01:51:46
Самара, без обид но Черикчиева укмуш ырдаган.
0
obon
2016-06-06 01:03:28
Самара сенин өзүңө таандык ырың болобу ? элдин ырларын эле ырдай бербей өзүңө таандык жеке чыгарма деле ырдап чыкпайсыңбы ?
0
Adelchik
2016-06-12 02:49:53
Ужассс. Башка соз чыкпады конулдон. (((
0
aykyz
2016-06-12 15:08:47
Сонун ыр
0
imperator1
2016-06-29 17:09:01
ushul eski yrlar keremeta
0
Aziyat
2017-01-12 06:32:05
Ичиңер күйсө туз жалагыла. Сонун ырдаптыр.
0
Самара Каримова "Биз экөөбүз"
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Билбейм кайдан жаралгансың сен мага?
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай!

Же болбосо сен жаралып мен үчүн,
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А болбосо, айтчы, жаным, эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?

Биз жолуктук майдын жумшак түнүндө,
Ал түн мага сени эскерткич белектей.
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдөй,
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.

Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорум да ойлоруңа киришкен.
Сен экөөбүз эки сандай барабар,
Сен экөөбүз эки суудай бириккен.

Биз экөөбүз эки сандай барабар,
Биз экөөбүз эки суудай бириккен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан