Самара Каримова Койчунун ыры
00:03:26
Жүктөлгөн: 19-07-2016
03:26
3.93 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (4)
Alayskaya
2016-08-12 14:25:42
Азаматсын Самаш досум! Балдарын менен бакыттын аралында жыргап жаша!
+1
Baatur7777
2017-01-18 22:02:25
Созун жазып кое аласыздарбы?
0
Baatur7777
2017-01-30 13:30:30
Рахмат!)))
0
Dani.el
2017-03-25 19:42:24
Бул ырды Жоодарбешим зынк ырдаган
0
Самара Каримова "Койчунун ыры"
Сөзү : Т.Салиевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Ат баспаган асканын
Аралай басып ак карын,
Жайыттап күнгөй-тескейди
Кой болду менин бакканым.
Тээтиги сары кыр жакка,
Чойт, эркечим! Чойт, эркечим, баштагын.

Ат жетпеген асканын,
Мен бастым шагыл, таштарын,
Кой баккан сонун турбайбы
Балалык ойду таштадым.
Тээтиги Кара-Шорого
Чойт, эркечим, Чойт, эркечим, баштагын.

Дегеле келбейт чарчагым,
Аңкыса жыты арчанын,
Кыз сүйгөндөй болосуң
Сылап саамай чачтарын
Күн кечтеп кетти короого
Чойт, эркечим. Чойт, эркечим, баштагын.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан