Анарбек Ибраев Сен менин жазылбаган ырларымсың
00:02:53
Жүктөлгөн: 12-09-2016
02:53
2.64 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (1)
belka
2016-09-13 14:18:33
Угуп жадабайм.
0
Анарбек Ибраев "Сен менин жазылбаган ырларымсың"
Сөзү : Б.Алыбаевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык жалын жыргалымсың.

Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым мөлтүр аккан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай,
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан.

Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө ак куу ойноп, чардак учкан.
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан