Гүлнур Сатылганова Булуттар (New version)
00:05:33
Жүктөлгөн: 09-05-2018
05:33
8.92 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (4)
Batma.Sh
2018-05-09 14:02:39
Бактым кайда,жер кезейин жел менен,
Бактым кайда,кезикпейбиз эмнеге?
Бактым кайда,баратамын тосуп ал,
Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем...
0
kritik2018
2018-05-10 02:44:21
Унунуз дайыма кайрат куч берип турат ырларыныздын мазмунуна манызына деги эле ушул сизин кылган эмгегинизге таазим эжекебай
0
BubleGum
2018-05-16 22:36:17
:-))))))))
0
BubleGum
2018-05-16 22:37:05
Бар экенсиз гог эжем! Ар кимге музыканы кор кылдырбай ырданызчы озунуз! Без интриг, без политики!!! Жаным гоооо!
0
Гүлнур Сатылганова "Булуттар (New version)"
Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем,
Бакыт издеп Ала-Тоону жердегем.
Ардагымды жолдон кантип жоготтум?
Арманымды агызамын жел менен.

Бөпөлөгөн махабатым өлбөстөй,
Көкөлөгөм кайгы-муңга көнбөстөй.
Көл булуттар, мен силердей буулугуп,
Көз жашымды төгөм, бирок көргөзбөйм.

Кайырма:
Булуттар, булуттар,
Жандап өтпөй, жалгыздыкты унуткар,
Жанды жууп сал жамгырыңа, булуттар.

Күзгө жетпей саргаябы гүл өңүм?
Күүгө келбей, күтөт кимди жүрөгүм?
Мендей бирөө жалгыздыгын жашырбай,
Мээрим издеп жүргөндүгүн билемин.

Уялаган жан дүйнөмдүн боштугун,
Убайымдуу ойлор, кош бол, кошкунуң.
Учкум келет жаз чакырган дүйнөгө,
Уккум келбейт канатымдын жоктугун.

Кайырма:

Өзөгүнөн жанып турган тоо сымал,
Өмүр өчпөйт, чагылгандай оту бар.
Көңүл көчөт жамгыры көп жактарга,
Көл булуттар, катарыңа кошуп ал.

Бактым кайда, жер кезейин жел менен,
Бактым кайда, кезикпейбиз эмнеге?
Бактым кайда, баратамын тосуп ал,
Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем.

Кайырма:
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан