Гүлнур Сатылганова Курбу кыздар (New version)
00:03:45
Жүктөлгөн: 14-05-2018
03:45
6.02 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (1)
Modric10
2018-05-14 18:56:52
сонун сонун. Бар болунуз Гулнур эжеке
0
Гүлнур Сатылганова "Курбу кыздар (New version)"
Курбу кыздар чогулсак көп кызыкка батабыз.
Жигиттердин мүнөзүн айтып бүтпөй жатабыз.
Бош жигитти көргөндө бой таштабай капабыз,
Шок жигитти көргөндө кирпик менен атабыз.
Алсыздардын жүрөгүн ачкычы жок ачабыз.
Табылганын жактырбай, тандап бүтпөй жатабыз.

Курбу кыздар чогулуп, кыялданып бүтпөйбүз.
Сөз ыргыткан жигитти "сүйсөң мейли, күт" дейбиз.
Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына,
Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына,
Кандай жигит кол берер курдаштарга батына,
Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына.

Сагынышып калганда жолугууга жөнөйбүз,
Сөздөр бүтпөй, ыр бүтпөй, үндү шаңга бөлөйбүз.
Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына,
Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына,
Кандай жигит кол берер курдаштарга батына,
Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан