Элмира Кайып кызы Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы
00:04:40
Жүктөлгөн: 03-10-2011
04:40
4.3 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (5)
Venchuk
2011-10-04 16:25:05
Мага абдан жагат ушул ыр, уну да келишкен
+1
Playboy
2011-10-05 14:38:55
Мага да аябай жагат ушул ыр. Айрыкча 60'К тобу ушул ырды сонун ырдашкан. Эмне учун 60'К тобу медиа-порталда жок?
0
Мэри
2011-10-13 16:42:56
Бул ыр мага да жагат. Ырчы абдан жакшы, жогорку денгээлде аткарган. Ырдын обону "60`К" тобундагы ырчылардын атасы - Алтымыш Кадыровго таандык.А созу, жанылбасам, Байдылда Сарногоевдики болуш керек.
+1
elmyrza
2012-06-28 10:28:50
Созу да,обону да топ келишкен суппер ыр!
+1
baibolot71
2012-08-12 00:26:39
Ваах чиркин кандай сонун ыр ээ,мага жакты аябай.
+1
Элмира Кайып кызы "Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы"
Карап эле тургум келет талыкпай,
Сенин колуң аппак, жумшак мамыктай.
Жүрөгүң да жумшак болуп колуңдай,
Жүрсөң боло сүйгөндүгүң аныктай.

Кыйгач карап кыйнадың го карыптай,
Суусаттың го суудан чыккан балыктай.
Аздык кылат бир жылмайып койгонуң,
Акактаттың суусун берип жарытпай.

Ашык болгон абалыма карагын,
Суусатпачы, кургап барат тамагым.
Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде эрдим нымдап алайын.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан