Гүлжигит Сатыбеков Ошко сапар
00:03:21
Жүктөлгөн: 05-01-2012
03:21
3.08 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (44)
2012-03-12 22:23:14
kampana kampana
0
ChonAlay07
2012-03-24 13:02:34
Гулжигит жакшы ыр чыгарыпсын, азамат.
+1
IRA
2012-03-26 10:35:37
просто супер,сонун ыр чыгарыптыр азамат
+2
jolbunov
2012-03-27 16:56:18
жакшы ыр экен,,,
+2
mikki76
2012-04-06 14:03:06
жакты
+2
ChonAlay07
2012-04-13 17:23:24
азамаат
+2
elirka
2012-05-05 11:10:05
аябай зор ыр болуптур,суйуп угам ушул ырды.эмгегиниз оркундой берсин.
+2
SireN_G
2012-05-15 14:58:00
сонун
0
kyrgyzshaa
2012-05-30 18:43:37
азамат жакшы ыр
0
Talastan
2012-08-06 18:51:55
Негизи Азамат бала да.Алга.
0
erali
2012-10-05 22:20:14
krasav4ik malo4
0
Gulchetai13
2012-10-10 13:00:30
Бул ырды угуп Бишкек-Ош жолун жургондой эле болдум)),Сузактан отуп, Озгондон отуп, Отуз адырдан отуп Фуркатка кирип баргандай эле болдумго=))
+1
karlik
2014-07-06 13:52:58
Угавере турган ырда метрого тушувалыып данкылдатып Ошко баратам деп коюуп:)) озу ишке бараткансын мойнунан байлаган иттей болп:(
0
Mametale
2015-04-22 12:54:28
sonun da sonun
0
Sabyr_Baymatov
2017-09-15 05:58:26
5
0
Гүлжигит Сатыбеков "Ошко сапар"
Сөзү : Г.Сатибековдуку
Обону : Г.Сатибековдуку
Баратабыз, багытыбыз Ош тарап,
Жаным секет, күттүң бекен жол карап.
Сапарымда неге сага шашылдым,
Куса болуп, жолугууну мен самап.

Кайырма:
Күтчү жаным, Бишкек жолу узак да,
Мына-мына баратамын Сузакта.
Сагынычтар көкүрөккө толдубу,
Жаным секет, тосуп алчы Фуркатта.

Узун жолдо зымыраса мерседес,
Кыялымда тилеп келем жетсе тез.
Телефондун шыңгыр үнүн тындырбай,
Улам-улам жөнөтөсүң СМС.

Кайырма:
Күтчү жаным, Бишкек жолу узак да,
Мына-мына келип калдым Куршабка.
Сагынычтар көкүрөккө толдубу,
Жаным секет, тосуп алчы Фуркатта.

Сапарыбыз эч бир койду арбыбай,
Айдоочу да өчөштүбү шашылбай.
Келатабыз Отуз-Адыр аралап,
Артта калып Жны-Аргы, Садырбай.

Кайырма:
Кантем анан, Бишкек жолу узак да,
Мына-мына келип калдым Фуркатка.
Кусалыктар көкүрөккө толдубу,
Сүйүү кушу сени издей учат да.

Сени дегдеп, самап келдим узактан,
Мына-мына жолугуштук Фуркаттан.
Тараганча бизде болгон кусалык,
Жаным, эми чыгарбаймын кучактан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан