Рыспай Абдыкадыров Сагынуу
00:02:56
Жүктөлгөн: 17-01-2012
02:56
2.7 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (13)
arzuu1
2012-01-18 01:58:57
sonnun yr
+5
adilbekovich
2012-01-18 11:22:02
ыр эмес бекен
+1
Balakai
2012-07-17 11:33:30
adilbekovich, yr eken:)
0
emil
2012-01-19 21:23:28
Ырысбай Абдыкадыров №1
+10
elmyrza_89
2012-01-20 00:29:47
Sizdin yrlarynyz dayima kulak & juroktun tuu astynda ardayim.
+4
shako
2012-01-22 19:42:27
иииииий бул ырлар менин жанымды ысытып кызытып жиберет . мен ойлойм бир гана мени эмес болсо керек деп
+2
beka8585
2012-01-28 12:38:54
мындай ырчы бир эле жолу дуйного жаралса керек ал да болсо биздин Ырысбай
+4
Ulan2
2012-01-29 16:00:31
кыргыздардын журогундо сактала турган ырлар
+2
lovemylife
2012-02-06 18:39:54
My late Grandma use to love this song!
-1
AbuSultan
2012-12-16 13:03:47
Ырысбай ака сиз очпос ырларыныз менен дайыма кыргыз эли менен биргесиз!!!
+1
baha76
2012-12-28 18:30:34
соз жок.шедевр.аттин азыр ушундай ырчы,обончу жоктугу.
+2
grace
2017-03-25 05:17:35
Рыспай ага, сиз кыргыз музыка тарыхында өчпөс болуп калдыңыз. Таазим талантыңызга!
0
Fermer49
2021-02-23 00:51:02
Түбөлүктүү ырлардын катарында калат деп ойлоймун
0
Рыспай Абдыкадыров "Сагынуу"
Сөзү : К.Ташбаевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Бүркөк асман жарк дегенде чагылган,
Байкоосуздан жалыңа кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.
Азыр мен да ойлоп сени жатамын,
Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан.

Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге олтурчу убактар.
Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу,
Алыс калды алма жыттуу турактар.
Чертчү эле го түгонбогөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.

Карай берип канча жолу камыктым,
Эстей берип жүрөгүмдү сагынттың.
Асылкечим, келчи менин жаныма,
Издей берип бүт денемди талыттың.
Кадимкидей кучак жайчы жадырап,
Качан болсо мен сен үчүн жарыкмын.

Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым мен жолукчу күн ай башын.
Мурункудай күтүп жатам азыр да,
Булбул куштун терезеден сайрашын.
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги асылкечим кайдасың?
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан