Асанкалый Керимбаев Шуулдаба теректерим
00:09:15
Жүктөлгөн: 18-05-2012
09:15
8.47 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (13)
Danilvl.ru
2012-05-20 15:38:10
озубуздун ески ырларга эле жетпейт. уксан озунчо эс аласын ырынын да маниси бар. азыркы жаштар оздору да билбейт эмне жонундо ырдап жатканын
+1
laki
2012-05-23 16:57:14
Керимбаевдин "Жамила"сын таппай жүрөм
0
Arzy_85
2012-06-04 02:27:08
Бул ырдын обону Туголбай Казаковго таандык болсо керек эле
-2
bakytmirza
2012-06-15 15:17:27
Бул А.Керимбаевдин өзүнүн варианты экен. Түгөлбай Казаковдун обону башкача, бул сыллка менен барып уксаңар болот http://www.super.kg/media/?type=audio&id=66453
+2
Dashi
2012-06-18 21:45:21
Автору Шайлообек Дуйшеев го!
0
serche
2012-07-06 21:18:45
Жок, Даши! Автору САЛИЖАН ЖИГИТОВ!
+4
aminali
2012-09-15 06:21:12
Шуулдаба терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Ооба, айылда жол боюндагы шуу-шуу этип шамалга ыйлаган теректерди энем сенин атаң тиккен теректер деп айтчу. Азыр ойлосом, атамдын артында мен жана теректер гана калыптыр.(Шайлообек Дүйшеев).
+1
Churok
2013-02-11 21:57:07
апам байкушум ушул ырды аябай дакшы корот. таятамдарды сагынса керек
0
umb
2013-09-08 21:29:44

Атам өлүп, артынан апам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп.
Ошондо да теректер шуулдаган,
Коштошкондой көрүнөө капа болуп.
0
Tina_79
2013-10-01 15:40:26
асанкалый агабыздын жамийла деген ырын таппай журом.билгендер болсо киргизип койгулачы.сураныч
0
laki
2013-10-11 12:48:38
Tina_79, Мен да таба албай жатам!Супер-инфо ушуга бир жардам колуңарды сунуп коёорсуздар
0
admin_media
2013-10-11 12:57:45
laki, Tina_79,
Саламатсыздарбы!
Аталган ырды таап жүктөп коюуга аракет кылабыз.
0
laki
2013-10-13 13:03:53
admin_media, Ыракмат! Дагы бир ырды кошо жүктөп коёсуздарбы?! "Өткөндү мага баяндап" деген Асанкалый Керимбаевдин ыры бар деп издеттирип атыр бирөө.........................
0
Асанкалый Керимбаев "Шуулдаба теректерим"
Сөзү : С. Жигитовдуку
Обону :
Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып.
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Тоо койнуна кысылган кыштагымдай,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагындай.
Турар эле шуулдап миң түп терек,
Тигип койгон атакем жаш чагында.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Оо, анда мен бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк — уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем,
Угуп жатып теректер шуулдаганын.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Атам өлүп, артынан апам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп.
Ошондо да теректер шуулдаган,
Коштошкондой көрүнөө капа болуп.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман.
Кайрандарым, а силер жатасыңар,
Терек муңун туйбастан шуулдаган.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ачышып каректерим.
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин,
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан