Асанкалый Керимбаев Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат
00:03:12
Жүктөлгөн: 26-06-2012
03:12
2.94 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (6)
buduz-80
2012-06-27 12:12:17
Асанкалый байкенин баардык ырларын эле чыгарып койбойсунарбы,бул ырларды укканда адам эс алат да,ким жуктосо да рахмат!!!!
+9
Leili
2013-05-07 13:41:00
сонун ырдайт мага ото жагат менин жашомдогу кыйынчылыктардын баары ушул ырларды
+4
Mackler
2013-10-15 05:34:12
Супер, атынарга затынар татыктуу, силер чынында суперсинер!
+4
Anisaydan
2013-11-02 16:50:03
Супер ыр, супер гезит, супер портал!!!
+2
erali
2014-03-27 20:54:28
Созун жазган агабызга,ал созго обон жараткан агабызга баш ийип таазим этели!!!
+2
nurkasym-2014
2014-05-20 15:37:49
Керемет ырлар да.
+2
Асанкалый Керимбаев "Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат"
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Бар тарабым бир гана сен жыттанып,
Бажырайган көздөрүңө суктанып.
Бакытымдай мүнөт сайын сени эстейм,
Баскан изиң башкалардан кызганып.

Бирин-бири көрөйүн деп батыраак,
Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат.
Сенин шаңдуу шаркыратма сыяктуу,
Шайыр күлкүң уксам жарпым жазылат.

Өзүңө деп гүлдөр терип адырдан,
Ырларды окуйм өзүңө деп жазылган.
Кайсы күнү сылаарымды билбеймин,
Желден башка сылабаган чачыңдан.

Жылдыз болуп көзүң турса күлүңдөп,
Уктай албайм бүткөн боюм дүрүлдөп.
Булбул бактан күнү бою тил безейт,
Бул дүйнөнүн ырахаты сүйүү деп
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан