Асанкалый Керимбаев Сулууга
00:04:52
Жүктөлгөн: 04-07-2012
04:52
4.46 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (11)
baatyr79
2012-07-05 20:25:52
ушул ырды кутуп журдум эле.рахмат супер инфо.
+2
Krossmen
2012-09-24 23:43:53
кандай сонун уккулуктуу ыр
+3
lady-nura80
2012-10-07 23:48:13
супер
+2
fanatka19
2012-10-08 00:32:20
Бул жашоодон кандай гана адамдар отуп кетти аттин.
+4
dicha80
2012-12-10 17:46:33
ОХ!Аккардеонду ыйлатат го чиркин...ырларычы,ай ай.Ук дагы кайфты ал да ......
+1
nurbek.86
2013-01-17 18:47:13
эх кандай сонун обон,создоручу?
+2
Leili
2015-02-12 13:43:40
Суйуу деген ай суйуу эмес эринден суйуу деген от чачышуу журокктон жер жагат да
0
vera23
2015-03-30 22:48:38
Созу Алыкул осмоновдуку екенин билген емес екем аябай маанилуу да
0
oksana77
2016-10-02 03:08:53
Соннун ыр эч тажабай угуу мумкун
0
Nuke_A
2018-06-28 11:43:03
Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.

ушул тексттерине мурда маани бербепмин
0
Fermer49
2021-02-19 01:59:28
Керемет!!! Башка сөз жок
0
Асанкалый Керимбаев "Сулууга"
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : А.Керимбевдики
Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстеп, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген - от чачышуу жүрөктөн.

Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген - сүзүп өтүү деңизден.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан