Рыспай Абдыкадыров Ак кайың
00:03:15
Жүктөлгөн: 06-09-2012
03:15
2.98 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (2)
chike87
2012-11-01 00:11:02
Азыр эч ким бул агайыбыздай жандуу ырдаганына руху жетпейт.
+5
kurmanbek83
2012-12-22 07:50:57
Бир жаралган талант..
0
Рыспай Абдыкадыров "Ак кайың"
Көрүнүп көзгө дапдайын,
Көчөдө жалгыз ак кайың.
Калтырап турат сумсайып,
Кар басып бутак-шактарын

Ал эстейт жайдын кечтерин,
Атырды гүлдөр сепкенин.
Кыз-жигит келип түбүндө,
Кыналып турган кездерин.

Көңүлгө көңүл кезигип,
Көңүлдөн көңүл эзилип.
Какканы эки жүрөктүн,
Кайыңга турчу сезилип.

Ак карды азыр жамынып,
Аяздан жүдөп кайыгып.
Жалдырап турат ак кайың,
Жаз менен жайды сагынып.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан