Асанкалый Керимбаев Жаштарга
00:03:00
Жүктөлгөн: 10-09-2012
03:00
3.44 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (4)
sniperkg
2013-12-14 10:27:48
Эн сонун жаштарга тарбиялык мааниси бар ыр.
+1
MARINA78
2015-05-07 21:23:59
Ушул адамдын он бетон опсом сол бетин палат денег ыры бар эле кайдан тапса болот
+1
altynbek_84kg
2016-05-15 15:13:03
Klass
0
kilim
2017-08-14 00:58:40
Мирбек Атабековдун ырдаган вариянтын киргизип койгулачы
0
Асанкалый Керимбаев "Жаштарга"
Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе, калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбайсың сен,
Бул жолуң өтөт билинбей.

Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбайсың сен,
Кызык кез өтөт билинбей.

Күнүгө сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңде сен,
Эс-акыл менен пайдалан.

Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт дейт тулпар тушунда.
Турмушка өчпөс из калтыр.
Туягың бүтүн чагында.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан