Асанкалый Керимбаев Жалгыздык
00:06:16
Жүктөлгөн: 16-11-2012
06:16
7.16 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (9)
aktylek
2013-01-17 19:30:45
абдан мазмундуу ыр экен,тагдыр экен ырдагандай эле жатат кара жер астында!
0
aktylek
2013-01-17 19:32:06
баса бу обончунун Энекем деген ырын жуктоп койунуздарчы.
0
admin_media
2013-01-17 19:46:33
aktylek,
Рахмат сунушуңузга, аракет кылабыз.
0
Амир
2013-01-28 21:54:20
Созу Шайлообек Дуйшеевдики кандай гана сонун ыр!!!
0
Амир
2013-01-28 21:57:17
Акыркы куплетиндеги "Бош убак баскан мурзонду" деген текстти "Боз шыбак баскан мурзонду" кылып ондоп койгула!
0
admin_media
2013-01-29 08:44:50
Амир,
Рахмат, ката түзөтүлдү.
0
aigulai
2014-06-16 17:47:23
Ушул адамдын чон атасы Токтогул акынды сургунго айдаткан айтылуу Керимбай болуш экен, омур бойу акын беш камандын урмагы деп басынып жашаган деген соз бар экен го эл ичинде
0
janim1991kz
2015-02-15 19:57:02
когучконум десен ырын кошуа койунуздарчы
0
admin_media
2015-02-16 17:07:25
janim1991kz, саламатсызбы! Аракет кылабыз, сунушуңузга рахмат!
0
Асанкалый Керимбаев "Жалгыздык"
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Обону :
Жар көчкөн өңдүү бүт жерден,
Жан кишим калбай күткөнгө.
Жаралбай койсом негедир,
Жалгыздык башка түшкөндөй.

Баркыңды калың эл көрөт,
Башыңды кара жер көмөт.
Басмайыл тартар иниң жок,
Басынып турсаң тең бөлөр.

Баткан күн аткан таңга маал,
Балдарың калар, жар калар.
Дүңгүрөп турган атың жок,
Дүнүйөң түшкүр, ал калар.

Сөзүмдү ташып алыска,
Сөз кылар кас да калыстай.
Ырларың ыйга айланар,
Айланар достор таанышка.

Жакшы жан элең аялуу,
Жакшыны качан аядың?
Боз шыбак баскан мүрзөңдү,
Боздотуп турар караңгы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан