Асанкалый Керимбаев Кара-Көлдүн кыздары
00:02:57
Жүктөлгөн: 16-11-2012
02:57
3.37 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (2)
sarishka
2015-04-27 04:27:14
Kandai sonun obondor prosto ugup otursan es alasinda
+2
Zaki.79
2017-09-27 04:36:03
Кара-Кульская кыздар чынында эле татынакай келишет экен, Асанкалый агабыз бекеринен ырдабаган экенда
0
Асанкалый Керимбаев "Кара-Көлдүн кыздары"
Кара-Көлдүн кыздары жылдыз маңдай,
Көздөрүн көр жымыңдашкан жылдыздардай.
Жүрөгүмө түнөтүп бир сулуусун,
Жүрөмүн кыялымда алыстабай.

Жээгинде дайранын шарпылдаган,
Күлгөнүңдү сагындым мен шаңкылдаган.
Чыгып барып аскага тизгениңди,
Жылдыз кармап колуң жаркылдаган.

Сырдап жаткан үйлөрдү алтын менен,
Сыйда, назик колдоруң алтын беле?
Сыймактанат элиң да, куруучу кыз,
Сенин атың эмгегиң, даңкың менен.

Эңсейм сени көңүлүмө ырыс толуп,
Эңсейм сени көздөрүмө жылдыз конуп.
Мени өзүңө чакырчы, сыйкырлачы,
Учуп түндө жетейин жылдыз болуп.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан