Рыспай Абдыкадыров Жүрөктү кетпе жаралап
00:02:12
Жүктөлгөн: 17-12-2012
02:12
5 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (3)
AbuSultan
2012-12-18 08:36:20
Ай,кыргыздарым ушундай талантты бактабай учуруп жибериппиз дагы бир Ырыспай туулуп мындай ырларды чыгырдыбы жокпу ким билет....
+2
sovettik
2012-12-18 19:32:35
AbuSultan, толук кошулам
0
nursultan96
2014-03-02 13:46:04
соз жок кандай гана таланп сонун.
0
Рыспай Абдыкадыров "Жүрөктү кетпе жаралап"
Сөзү : Илгиз Гилязетдиновдуку
Обону : Рыспай Абдыкадыровдуку
Өзүңдү сүйгөн күнөөмбү?
Өрттөндүм, аргам түгөндү.
Ашыктык гүлү ачылсын,
Жүрөккө сепчи үрөндү.

Өкүнүп улам тездеши,
Өмүр ал учкул кез дечи.
Жазыксыз сүйүп калганга,
Касыңдай мени эзбечи.

Адамда ар сыр, кыял бар,
Айталбайт аны уяңдар.
Өчпөгөн көңүл чолпону,
Өзүңө мендей улан зар.

Дартыңды ачуу далалат,
Даба тап, сүйүүм аманат.
Суу бүркүп үмүт отуна,
Жүрөктү кетпе жаралап.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан