Рыспай Абдыкадыров Ойлодуң бекен мени сен
00:03:45
Жүктөлгөн: 18-12-2012
03:45
8.56 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (2)
Darkan
2012-12-19 15:21:10
Рыспай абанын ырлары кандай керемет!!!
+1
AbuSultan
2012-12-19 19:07:54
Оп бали ырдын пири Ырысбай ака !
+1
Рыспай Абдыкадыров "Ойлодуң бекен мени сен "
Сөзү : Сооронбай Жусуевдики
Обону : Рыспай Абдыкадыровдуку
Сабылып көөнүм суз болуп,
Санаага калсам туш болуп.
Заматта сага жетсем дейм,
Закымдап учкан куш болуп.

Таалайым ташкан чагымда,
Таңшыса булбул багымда.
Сезүүгө бирге жыргалды да,
Сен болсоң деймин жанымда.

Аппак кар баскан жер үстүн,
Аязда келет көрүшкүм.
Өчөшкөн сага бороонду да,
Өзүңдөн келет бөлүшкүм.

Жаралган өңдүү саймадан,
Жакшы гүл көрсөм таң калам.
Күлүң көз, бирге көрсөк дейм да,
Гүлдөрдү ушул жайнаган.

Сыртыңдан минтип эрисем,
Сыр билгим келет эмитен.
От болуп күйүп мен жүрсөм да,
Ойлодуң бекен мени сен?..
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан