Рыспай Абдыкадыров Биз экөөбүз
00:03:47
Жүктөлгөн: 18-12-2012
03:47
8.63 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (2)
Jenish_kg1
2012-12-28 10:03:25
Ukkandan tajabaim Ryspai Abdykadyrobdun yrlaryn ukkandan... Kyskasy soz jok... KEREMET YRLAR...
+3
isabek1977
2017-01-25 11:41:22
Ырдын пири Рысбай деп бекер айтылбайт.Рысбайга данк
0
Рыспай Абдыкадыров "Биз экөөбүз"
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Билбейм кайдан табылгансың сен мага?
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай.

Же атайы сен жаралып мен үчүн,
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?

Биз жолуктук майдын жумшак түнүндө,
Ал түн мага сени эскерткич белектей.
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдөй,
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.

Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорум да ойлоруңа киришкен.
Сен экөөбүз эки сандай барабар,
Сен экөөбүз эки суудай бириккен.

Биз экөөбүз эки сандай барабар,
Биз экөөбүз эки суудай бириккен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан