Рыспай Абдыкадыров Келчи, келчи, кымбатым
00:03:41
Жүктөлгөн: 20-12-2012
03:41
8.42 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (6)
salidat8087
2012-12-21 18:54:54
Кандай залкар ырчы эле ырларыда керемет.
+3
kurmanbek83
2012-12-22 07:47:59
Соз жок...
+3
Aibengo
2012-12-25 11:34:29
Бах, чиркин..... Туура, соз жок сонун!
+3
Erik91
2014-06-21 18:18:13
Залкар ырчынын ырын уккуанда жүрөк сергип, көңүл эргип кетет. Аябай сонун өмүр бою ырдала турган ырлар!
0
muke.1971
2014-11-03 13:26:30
Ырда рыспай ырдай бергин талыкпай сенин ырын тоо суусунун шарындай
0
Nur0701
2016-04-01 22:57:20
Улуу инсан
0
Рыспай Абдыкадыров "Келчи, келчи, кымбатым"
Сөзү : Сооронбай Жусуевдики
Обону : Рыспай Абдыкадыровдуку
Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын,
Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын.
Жаз жадырап, мен турамын сумсайып,
Жазда неге келбей койдуң, кымбатым?

Жаркын гүлдөр жасалгалап кыр башын,
Жай чыгарып табигаттын сымбатын.
Жер жапжашыл, менин өңүм керсары,
Жайда неге келбей койдуң, кымбатым?

Дарак тагып түркүн мөмө сыргасын,
Суктандырды адамдардын кыйласын.
Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө,
Күздө неге келбей койдуң, кымбатым?
Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.

Эки жүрөк бирин-бири тыңдасын,
Эзилишип, элжирешип жыргасын.
Керемет бар сенде кышты жай кылар,
Келчи, келчи, кыш чилдеде, кымбатым.
Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан