Рыспай Абдыкадыров Түгөйүм
00:03:38
Жүктөлгөн: 10-01-2013
03:38
8.3 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (4)
MaRmeLaDka
2013-12-26 11:40:02
Шаңкылдаган шайыр күлкүңдөн,
Ырахаттуу өмүр сүрөмүн.
Жылмайыңкы жылуу карасаң,
Көңүл эргип жибип баратам.
Жүрөгүмдө кайнап буу бүркөт,
Бир сүйүүдөн бүткөн арашан. Ырдын ушул ыр саптары эми гана маани бердим...
0
marat0989
2015-06-21 17:42:45
0
Stal.muradilov
2017-10-10 18:26:48
Кандай сонун ыр...
0
CR7_JUV
2021-09-16 12:54:55
Кыргыздын залкар инсаны, кандай мыкты ырларды калтырып кеткен...
0
Рыспай Абдыкадыров "Түгөйүм"
Сөзү : Жакшылык Алымовдуку
Обону : Рыспай Абдыкадыровдуку
Окшоштурсам сага гүл өңүн,
Азыктанат көпкө жүрөгүм.
Шаңкылдаган шайыр күлкүңдөн,
Ырахаттуу өмүр сүрөмүн.

Жылмайыңкы жылуу карасаң,
Көңүл эргип жибип баратам.
Жүрөгүмдө кайнап буу бүркөт,
Бир сүйүүдөн бүткөн арашан.

Көңүл черин үмүт уялап,
Албууттанып, жүрөк уялат.
Сырга терең курчтук сыйбаган,
Кайдан бүттү мага бул адат?

Жүрөк бетин чексиз сыялап,
Неге болдуң мынча кыянат?
Билбей жүрөм сырдын түйүнүн,
Же чыкпайбы, жаным, тыянак?
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан