Динара Акулова Шолоктоп неге ыйладың?
00:04:08
Жүктөлгөн: 24-01-2013
04:08
3.79 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (4)
Gulzhan
2013-01-25 20:14:09
Аябай сооооонун чыгарма экен.Чыгармачылык ийгилик каалайм.
0
Spartak0001
2013-04-04 19:25:53
Бул ырдын сөзү: Супер-Инфо уюштурган "Аялзат аалам ажары" сынагынын жеңүүчүсү - Зайырбек Ажыматовго таандык.
0
bek007
2014-10-19 19:32:23
Супер, Динара Акулованын "Атакем" деген ырын да жүктөп койгулачы сураныыч))
0
admin_media
2014-10-20 11:10:48
bek007,
Саламатсызбы! Аракет кылабыз.
0
Динара Акулова "Шолоктоп неге ыйладың?"
Сөзү : Зайырбек Ажыматовдуку
Обону : Элмирбек Иманалиевдики
Жалганып сезим күйбөстөн,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көңүлү бизге үндөшпөй.
Башкабы, айтчы, сыйлаарың?
Башкабы, сенин, кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап, буркурап,
Буркурап неге ыйладың?

Сооротор сөздү таба албай,
Жолуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Нөшөрлөйт,эй, жамгыр аянбай.
Бошотуп жүрөк кылдарын,
Боздотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктой,
Шолоктоп неге ыйладың?

Жалганбы сүйүү биздеги?
Жалганбы өмүр тизмеги?
Арманбы ушул дүнүйө?
Арманбы өмүр тизмеги?
Бошотуп жүрөк кылдарын,
Боздотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктой,
Шолоктоп неге кыйнадың?
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан