БИЗ тобу Бала чак
00:04:13
Жүктөлгөн: 04-03-2013
04:13
2.89 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (4)
zhorobekt
2013-03-08 10:57:43
Балалык
+1
AnVaR_KG
2013-03-16 03:26:30
Бактияр байке талантынызга таазим
0
lazygirl
2013-10-15 02:26:15
Саламатсыздарбы?! Бактияр Токторов аткаруусундагы " Ажыраштык айлуу түндө биз ыйлай ыйлай" деген тексттеги ырды жүктөп коесуздарбы' Алдын ала рахмат!
-2
Arman
2014-11-15 00:06:28
Саламатсыздарбы супер.kg порталынын жамааты, мумкун б.со биз тобунун "тамчыдан ырым жаралган" аттуу ырын жуктоп коюнуздарчы?
0
БИЗ тобу "Бала чак"
Обону :
Бала чак, бала курак,
Жылаңач, жылаңаяк,
Сен калдың өскөн айлымда.
Эртеден кечке чуркап,
Оюнга оюн улап,
Жүргөнсүң дале жанымда.
Бала чак, бала курак,
Өтөсүң көздөн чубап.
Билсең да эмне дээримди,
Сыдырым желдей сылап.
Сыйкырлап колуң булгап,
Козгодуң таза сезимди.

Кайырма:
Бала чак, бала чагым, балдай таттуу убагым,
Элесиңден эми чеп курамын.
Бала чак, бала чагым, балдай таттуу убагым,
Эми сени балдарыма сунамын.

Ак зымдан мылтык бурап,
Топурак сууга кулап.
Тойбодук сенин жытыңа,
Оюндан чындык курап.
Бир ырдап, бирде ыйлап,
Кызыкчу элек турмушка.
Бала чак, бала курак,
Тамчыдай элес кулап.
Көңүлдүн гүлүн кулпуртат,
Убакыт октой сызат.
Кетсем да жаш кубалап,
Кете албайм сенден көп узап.

Кайырма:
Бала чак, бала чагым, балдай таттуу убагым,
Элесиңден эми чеп курамын.
Бала чак, бала чагым, балдай таттуу убагым,
Эми сени балдарыма сунамын.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан