Рыспай Абдыкадыров Сен тарап дайым агарат
00:02:53
Жүктөлгөн: 07-03-2013
02:53
6.59 Мб
Жанр: Ретро
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (0)
Рыспай Абдыкадыров "Сен тарап дайым агарат"
Сөзү : Т.Эргешовдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Өмүрдө өксүп өткөнүм,
Өзөккө өрттү төккөнүм.
Эзилип жүрөт жүрөгүм да,
Эсиме түшүп өткөнүм.

Ошол түн мага от болуп,
Көзүмө кызыл чок конуп.
Өзүмө өзүм көрүнбөй да,
Баратат окшойм жок болуп.

Өзүмдө жүрүп күнөсүм,
Өзгөрүп кетип мүнөзүң.
Күчөгөн күйүт куйкалап да,
Күнөөлүү болдум мен өзүм.

Сүйүүнүн күчүн белгилеп,
Кеберсип калды бир илеп.
Сен тарап дайым агарат да,
Жарыгы жанып берилеп.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан