Динара Акулова Жан кубатым
00:03:36
Жүктөлгөн: 23-04-2013
03:36
6.57 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (2)
nurbek.86
2015-09-28 01:25:52
ушул ырды муктар атаналиевдин аткаруусундагыны да жуктоп койунуздарчы сураныч.
0
admin_media
2015-09-28 11:02:18
nurbek.86,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
Динара Акулова "Жан кубатым"
Сен тоо гүлүндөй ачыласың,
Чачкандай көктөм ары чачыласың.
Мени бир узун түндө уктабастан,
Бир жүргөн күндү, түндү сагынамын,
Эй, сагынамын.

Кайырма:
Кантем, оо, сен жанымда жүрсөң кана?
Өзүмдү арнамакмын жалгыз сага.
Аттиң арман, аттиң арман,
Жетпей калган сүйүү жалган.
Жашайбыз жазылган тагдыр менен,
Аттиң арман.

Сен эми гүлкайырсың гүлүн ачкан,
Жан дүйнөм жалгыздыкка сырын ачкан.
Шооласы болсом айдын атаганат,
Түндөсү терезеңден нурун чачкан,
Эй, нурун чачкан.

Кайырма:
Кантем, оо, сен жанымда жүрсөң кана?
Өзүмдү арнамакмын жалгыз сага.
Аттиң арман, аттиң арман,
Жетпей калган сүйүү жалган.
Жашайбыз жазылган тагдыр менен,
Аттиң арман.

Сен неге тоо гүлүндөй кулпурасың?
Эркимде эми сиз деп отурамын.
Жүрөктү кусалыкка салып коюп,
Кай жерде жүргөн экен жан кубатым?
Эй, жан кубатым.

Кайырма:
Кантем, оо, сен жанымда жүрсөң кана?
Өзүмдү арнамакмын жалгыз сага.
Аттиң арман, аттиң арман.
Жетпей калган сүйүү жалган.
Жашайбыз жазылган тагдыр менен,
Аттиң арман.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан