Элмира Кайып кызы Атама
00:03:43
Жүктөлгөн: 10-07-2013
03:43
6.8 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (3)
Aichurok7
2013-11-16 13:21:26
Саламатсыздарбы, урматтуу редакция! Сиздерден көптөн көөөп сураныч, Майра Керим кызынын ырларын жүктөп койгулачы!!!!!!!!! Алдын ал чоң рахмат сиздерге!!!
0
admin_media
2013-11-18 10:43:40
Aichurok7,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
Cocochanel
2017-09-02 13:51:31
Жылаажын ундуу Элмира Кайып кызы, жактан жерин жайлуу болсун.
0
Элмира Кайып кызы "Атама"
Абатым Ата Журтум,
Сезимге чөккөн терең.
Бактылуу балалыгым,
Жан апам, атам менен.

Жетилдим оюм толуп,
Ордомо оомат конуп.
Үйүбүз жарым менен,
Балалуу базар болуп.

Булкунтуп буудан миндим,
Топ жарып доорон сүрдүм.
Чертилип жүрөк тамыр,
Элиме угулду үнүм,
Аттиң, ай, мунун бирин,
Атакем көрсө бүгүн.

Жыгылдым, кайра турдум,
Өзүмдү-өзүм таптым.
Атак-даңк издебедим,
Элим деп жүрөк чаптым.

Күндөрдөн күмүш таптым,
Айлардан алтын таптым.
Жыгылбас, өчпөс, учпас,
Жылдардан жылдыз таптым.
А бирок акыйкатым,
Атамды кайдан таптым?

Элесиң кубаттантып,
Жүрөктө жүрөт дайым.
Аялуу ата деген,
Атыңдан кагылайын.
Аялуу ата деген,
Атыңдан кагылайын.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан