Апта башында Японияда ресторан ачып, ага бир да кардар келбей койгонуна капаланып ыйлаган кыргыз кызынын видеосу тараган. Видео социалдык тармактарга бат жайылып, мекендешибизди колдоочулар аябай көп болду. 1 күндө интернет жылдызына айланган мекендешибиз asel.minagawa менен байланышып, анын кантип япон келини болуп калганы, элди кызыктырган ресторанынын азыркы абалы тууралуу баарлаштык.
- Саламатсызбы, Асел? Алгач өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз.
- Саламатчылык. Мен Бишкекте төрөлүп-өскөм. Алгач Юридикалык колледжде окуп, андан соң Борбор Азия эл аралык университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктагам. Мени көбү олигархтын кызы деп ойлошот экен. Ата-энем карапайым инженер-куруучулар. Үйдө 4 бир тууганбыз, сиңдим, анан эки иним бар.
- Япон элине келин болуптурсуз. Болочок жолдошуңуз менен кантип таанышып калгансыз?
- Мен негизи азиялыктарга турмушка чыкпайм деп айтчумун. Бирок Кудайдын мага койгон башка планы бар экен (күлүп). Лондондо иштеп жүргөндө корей улутундагы курбум "жүрү япондордун чогулушу болот экен, барып келели" деп калды. Ал жакка бардык. Бир маалда Теру жаныма келип, сүйлөшүп калды. Ал кезде 19 жаштагы кыз элем. Аябай кызыктай абалда болгом. Курбума япон эли кызыктай экен, мен үйгө бара берейинчи деп кетип калдым. Үйгө келсем, Теру экөөбүздү сүрөткө тартып алышкан экен, бизди белгилеп, сүрөтүбүздү Фейсбукка жүктөп коюптур. Теруга достук жөнөтсөм, дароо кабыл алды. Экөөбүз бат эле жакшы сүйлөшүп кеттик. "Кечирип кой, сага жакшы көңүл бөлө албай калдым. Аябай сулуу кыз экенсиң" деген сөздөрдү айтты. Сүйлөшүп жүрүп экөөбүз окшош клубдарга (чет өлкөлүктөр чогулган дебаттар) барып жүргөнүбүздү билдик. Көрсө, ал ошондо эле мага маани берип, таанышкысы келген экен. Экөөбүз дос катары сырдашып, жакшы сүйлөшүп калганда ал башка жакка кетти. Негедир аны узаткан соң сагынып жүрдүм. Теру бир айдан соң кайра Лондонго келип, "сени жалгыз калтыргым келбейт. Жанымда болчу дайым" деди. Ошентип сезимдерибизди ачыктап, кыз-жигит катары сүйлөшүп калдык. Кийинчерээк мен мекениме кайтып келдим, жарым жылдан кийин Теру артымдан келип ата-энемден колумду сурап, ошентип экөөбүз 5 жыл мурун баш кошконбуз.
- Япон күйөө баласын жакындарыңыз кандай кабыл алды?
- Баары жакшы кабыл алышты. Ата-энем Теруну өз баласындай көрөт. Сүйлөшкөн сайын мага "сенин мүнөзүңдү биз жакшы билебиз, балабызды жакшы кара" деп эскертип турушат (күлүп).
- Теру мырзанын кайсы мүнөзүн жактырдыңыз? Учурда эмне менен алектенет?
- Жолдошум жүрөгү таза, камкор адам. Мен жумуштан чарчап келсем тамак-аш жасап, жакшы тосуп алат. Китеп көп окуйт. Бир нерсе кыларда сөзсүз кеңешет. Адатта япондорго комплимент айтса, кабыл алышпайт. Мисалы, "жубайыңыз сулуу экен" десе "жок, сиздин аялыңыз сулуу экен" дешет. Ал эми Теруга ошентип айтышса, "ооба, билем, менин келинчегим сулуу" деп мени менен сыймыктанып турат. Мурун Теру Нагасакиде ишкерлик менен алектенчү. Ал бизнесин сатып, Кыргыз өлкөсүнө келип 1 жылдай жашадык. Эс алып кайра келгенден кийин Япониядан ресторан ачтык.
- Тили, маданияты башка өлкөгө барганда көнүп кетүү кыйын болгон жокпу?
- Тилди билген башка өлкөлөрдө кыйналбай жүрө берчүмүн. Япон тилин билбей, ал жакта тааныган адамым аз болгон үчүн 3 жылдай кыйналдым. Жаңы келгенде кайда барбайын күйөөм коштоп жүрчү, азыр көнүп калдым. Билбеген жерим болсо карта менен таап барам.
- Бизде япон элинин маданиятын, бала тарбиялоодогу ыкмаларын үлгү катары көп айтышат. Алардын үй-бүлөлүк баалуулуктары тууралуу айтып берсеңиз.
- Ар бир үйдүн өз мыйзамдары болсо керек. Япон элинде кандай экенин билбейм, өзүбүздүн үй-бүлөдөгү эрежелер тууралуу айтайын. Биз үйдө баарыбыз чогулуп тамак жейбиз, көп эс алабыз. Кызыбызга көп убакыт бөлгөнгө аракет кылабыз. Урушуп, кол көтөрбөйбүз. Кыргыздар кичинекей балдарды "оозуңду жап, сүйлөбө" деп уруша берет эмеспизби. Япондор балдар менен көбүрөөк сүйлөшүп, баарлашканга аракет кылышат.
- Эми сизди калың журтка тааныткан рестораныңыз тууралуу сурайлы. Ресторан ачуу кимдин идеясы?
- Ресторан ачуу менин идеям. Кичинекей кезимден бул нерсени кыялданчумун. Бизнес ачуу идеямды жолдошума айтсам, дароо макул болду. "Эгер жаңы иш баштайм десең, баарын майда-чүйдөсүнө чейин иштеп чыгышың керек" деди. Бизнес ачууну башында оңой деп ойлогом. Көрсө, толтура нерсеси бар экен. Жарым жылдай даярдангандан кийин ачылып, дегустацияга чакырсак эл жакшы келди. Бирок расмий түрдө ачканыбызда чакырсам да ресторанга эч ким келбей койду. Ошондо жолдошум менден кабар алганы келген экен. "Жумушуң кандай болду?" дегенде "эч ким келген жок" деп ызаланып ыйлап жибердим. "Канча айдан бери кылган эмгегим текке кеттиби? Чыгаша акталбай калабы?" деп ойлоп кеттим. Жолдошум "мен деле иш баштаганда ушундай болгон. Бизнесте мындай нерсе боло берет" деп сооротту.
- Видео калың журтка тарап кетет деп ойлобосоңуз керек?
- Ооба, мен Инстаграм баракчамда көп катталуучум болгон үчүн атайын досторум аз деп видеону Твиттерге жүктөгөм. Алгач 1-2өө бөлүшкөндө маани берген эмесмин. Эртеси карасам 1000ге жакыны бөлүшүп, 120 миңге жакын адам көрүптүр. Туура эмес бир нерсе кылып койдумбу деп коркуп да кеттим. Француз, корей, япон, орус тилинде "эч капа болбо, баары жакшы болот" деп колдоо жазып жатышты. Каттарды окуп жүрөгүм жылыды, дем-күч алдым. "Мен эч качан артка кайтпашым керек. Алдыга гана умтулуп, сөзсүз бутума турушум кажет" деп өзүмө сөз бердим. Азыр Кудайга шүгүр, кардарларыбыз келип баштады. Акырындап ишибизди жүргүзүп жатабыз. Мени тааныбаса да колдоо көрсөтүп жылуу сөз айткан мекендештериме рахмат айтам! Ошондой эле мен бизнес-план түзүп жүргөндө кызыбызды карап, мага дем-күч берип колдогон жолдошума ыраазычылык билдирем. Албетте, мага жазгандардын арасында "капырга турмушка чыгып алды", "байлык үчүн тийип алды" дегендер да болду. Алар менин жашоомду билишпейт да. Андыктан аларды кечирем. Мен кайсы жолдо баратканымды, ким менен турмушка аттанганымды жакшы билем.
- Маегиңизге рахмат! Ишиңиз ийгиликтүү болсун!