Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгындагы жүк ташуучу унаанын айдоочусунун абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кант шаардык ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочу учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.
"Айдоочунун абалы оор. Ал баш мээсинен жаракат алган. Тийиштүү жардамдар көрсөтүлдү", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Кечээ, 7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков өзүнө тиешелүү Мерседес-Бенц автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы келе жаткан Мерседес-Спринтер жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кант шаардык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилген. Андан тышкары, Максат Чойбеков аталган ооруканага кайрылып, амбулатордук түрдө дарыланып кеткен. Бүгүнкү күндө Ысык-Ата тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери тергөө амалдарын жүргүзүүдө.