Бишкекте Жаңы жылга карата даярдыктар кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы балатысы орнотулууда.
"Экинчи балаты жаңы ачылган "Ынтымак" сейил багына орнотулат. Узундугу 12 метр. Ал эми Кыргыз Улуттук филармониясынын алдында 17 метрлик балаты орнотулду. Ушундай эле балаты Чыгыш-5 кичи районуна дагы орнотулат", - деди мэриядан.
Ошондой эле Бишкектин борбордук көчөлөрү да кооздолууда.