2020-жылдын башкы түсү болуп "классикалык көк" тандалды. Бул тууралуу "Pantone" эл аралык изилдөө институту жарыялаганын дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
"2020-жылдын башкы түсү "классикалык көк" экенин жарыялайбыз. Ал эч бир убакытка баш ийбеген ишенимди туюндурган өң. Бул түс күүгүмдөгү асманды элестетип, корголгондой сезимди калтырат. Көк түс көбүнчө тынчтыкты билдирет. Биз ишеним талап кылган мезгилде жашап жатабыз. Мындай сезимди жана туруктуулукту бекем көк түс тартуулайт", - деп жазылат институт тараткан маалыматта.
Акыркы 20 жыл ичинде декабрь айында "Pantone" эл аралык изилдөө институту кайсы бир түскө "Жылдын түсү" деген наам берип келет. Ал түс кийинки жыл бою кийим, интерьер, графикалык дизайндагы мода тенденциясына таасирин тийгизет. Ошол эле учурда аталган институт кайсы бир түстү тандарда мода жана дизайн, кинематография, искусство жана башка көптөгөн тармактардагы акыркы тенденцияны эске алып, рейтинг түзөт.
2019-жылдын башкы түсү деп "жандуу коралл" тандалган эле.