Чындыгында, карышкырлар айга карап деле улушпайт. Бул көрүнүш адамдарга эле ушундай сезилет. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Алардын улуганы бул жырткычтардын баарлашуусу жана социалдык жүрүм-турумунун эң маанилүү формасы болуп саналат.
Улуп жаткан карышкыр бир эле мезгилде бир нече максаттарды көздөйт. Мисалы, үйүрүнүн биримдигин сактоо жана алардын кандайдыр бир аракеттеринин ишке ашуусуна жардам берүү. Ошондой эле өздөрү жүргөн менчик аймагына ээлик кылуу максатында, а бирок көбүнчө табылган олжо жөнүндө кабар берет жана үйүр үчүн башка маанилүү кабарды айтуу учурунда улуп түшүндүрүшөт.
Ал эми карышкыр эмнеге карап улуш керектигин деле билбейт, тагыраак айтканда аларга баары бир.