АКШлык окумуштуулар адамдар кайсы жаш куракта бактысыз болорун аныкташты деп жазышат чет элдик басылмалар. Анда айтылгандай, АКШнын Дартмут колледжинин жана Улуттук экономикалык изилдөө бюросунун адистери 132 мамлекеттен алынган маалыматтарды изилдеп чыгышкан. Ар кандай курактагы адамдардан жашоого канааттануу деңгээлин баалоо сунушталган.
"Сурамжылоого жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, адамдардын эң бактылуу мезгили 18-20 жашка туура келет, андан кийин жашоо татаалдашып, бактысыздыктын эң жогорку чеги 47-48 жашка барып такалат. Бул абал 60 жашка чейин уланып, пайгамбар жашынан ашкандар бактылуулукту сезе баштайт. 70 жашка келгенде жашоого канааттануу деңгээли жогору болуп калат", - деп айтылат маалыматта.
Окумуштуулардын документинде жашоонун татаалдашуусу тышкы факторлорго эмес, денедеги биохимиялык процесстердин жана гормондордун деңгээлине көз каранды экендиги кошумчаланган.