Бишкекте 4 миллион сомдон ашык каражатка 8 жол чырак коюлат. Кайсы көчөлөргө? (тизме)

Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы шаардагы көчөлөргө 8 жол чырак курууга жана орнотууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы коюла турчу 8 жол чырак төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштерине коюлат:

1. Профсоюз жана Мессароша көчөлөрүнүн кесилишинде;

2. Профсоюз жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде;

3. Дэн Сяопин менен Костанай көчөлөрүнүн кесилишинде;

4. Алтымышев жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде;

5. Токтогул жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде;

6. Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде;

7. Жукеев-Пудовкин жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде;

8. Юнусалиев көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтчү жерге (Мега-Ситинин маңдайы).

Жаңы жол чырактар үчүн 4 миллион 874 миң 765 сом каралган.

Жол чырактардын тизмесин ш
аардыктардын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен атайын комиссия түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nurbek56
2020-09-22 18:52:05
ошондо бир кочонунун кесилишиндеги жол чырак 500.мин ге орнотулабы оххо тыгылып олгуло анчалык кымбат эместир
+2
nurbek56
2020-09-22 19:00:09
мен да катышам 3.козду жол чырак 15.мин экен 4+15000=600000 пешоход 7.миндин тегереги экен 4+70000=28000 общ.90.мин дейли установка примерно 30000.мин баары болуп 150 мин кетсин чуркаганын менен 350 мин сол чонток
+2
Nurik1988
2020-09-22 20:11:22
Арам акча менен кантип балдарынардын курсагын тойгузасынар окунучтууу неси болсода
+1
Janna07
2020-09-22 22:16:56
Арзан болуптур. Өзү бир жол чыракка 1млн кетет. Россияда жүргөнүмдө уккан элем. Баарынан да коммуникациялык жумуштары кымбатка түшөт.
0
TIMON_BERKOWITZ
2020-09-23 01:31:53
1чырак 1млн элего шаардык келин деген кинодо)))
А так керек эмес жерлерге кое берип пробкадан откон проблема жок бизде. Койгондо да как попало коюлат. Биринен чыксан экинчисине точно попал болосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан