2017-жылдан тарта борбор калаада шаар ичинде маршруттук таксилер каттамдан алынат. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда Бишкектин мэри
Кубанычбек Кулматов билдирди.
Анын айтымында, шаарда 3,5 миңге жакын коомдук унаа иштейт. "Автобустарды сатып алууга бюджетте акча каражаты жетиштүү эмес. Мындан улам мэрия жүргүнчүлөрдү ташуучу жеке ишканалар менен автобустарды лизингге сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул багытта Европа өнүгүү банкы инвестиция бөлүүгө даяр",- деди мэр.