Такыр-Төр көлүнүн кесепеттерин алдын алууга 76 адам тартылды

Бүгүн, 29-июнда Такыр-Төр көлүнөн агып жаткан суунун көлөмү секундасына 2-3 метр кубду түзүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, тоо көлүнүн абалын байкоого ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Өзгөчө кырдаалга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү департаментинен 1 кызматкер, Улуттук илимдер академиясынан 1 кызматкер жеринде аэровизуалдык байкоо жүргүзүүдө.
Ал эми унаа жолду, көпүрөнү жана сел өтүүчү каналды калыбына келтирүү иштерине ӨКМден 17 кызматкер, 3 техника жана жол тейлөө ишканаларына 5 техника жеке менчик 2 экскаватор, ИИМден 40, жергиликтүү бийликтен 19 кызматкер, жалпы 76 адам, 12 техника тартылган.
Эске салсак, 27-июнь күнү Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр бийик тоолуу көлү жырылып, Алмалуу, Горная Серафимовка, Нижняя Серафимовка айылдарын аралап өтүп, Алмалуу айылында 1 көпүрөнү агызып, жол жабылган. Ошондой эле Бишкек–Кой-Таш–Ысык-Ата унаа жолуна, дачаларды, көпүрөлөрдү, жана карылар үйүнүн суу дарбазасын каптап кетүү коркунучун жараткан.
Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу максатында 28-июнь күнү Ысык-Ата райондук администрация тарабынан райондун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан