Сеулда пенсионер метро вагонун өрттөп, 150дөн ашуун адам жабыркады (видео)

Түштүк Кореянын борбору Сеулда 67 жаштагы Вон аттуу пенсионер метро вагонун атайлап өрттөп жибергени үчүн сот жообуна тартылууда. Бул тууралуу Chosunbiz басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, окуя 31-майда болгон. Эркек киши метро вагондун ичине бензин чачып, андан соң өрттөп жиберген. Өрттүн кесепетинен 22 жүргүнчү ооруканага жаткырылып, 128 адамга ошол жерде медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, келтирилген материалдык зыян 330 миллион вонду түзгөн.

Тергөө учурунда пенсионер мындай аракетке аялы менен ажырашкандан кийин эмоциясын башкара албай барганын айткан. Ага өрт коюу жана адамдардын өмүрүнө кол салуу аракети боюнча айып тагылып жатат.

Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратты. Корей бийлиги коомдук коопсуздукту камсыздоо чараларын күчөтөрүн билдирди.

Сеулда  пенсионер метро вагонун өрттөп, 150дөн ашуун адам жабыркады (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан