1-июндан тарта электр энергиянын 1 киловатт-саатынын баасын 84 тыйын кылуу демилгеленүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, башында электр энергияны кымбаттатууну 1-апрелден тарта баштоо пландалган болчу. "Тарифти жогорулатуу керек. Жакында өкмөткө бул сунуш менен кайрылабыз. Эгер электр энергиянын киловатт-саатынын баасын 70 тыйын бойдон калтырсак, бюджетке 500 миллион сом зыян келтирилмекчи",- деди Элебаев.