Алтайдын ишкерлери кыргыз жергесине айыл чарба техникасын ташууну көздөшүүдө

Бүгүн, 26-мартта КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Алтайдын Соода-өндүрүү палатасынын президенти Борис Чесноков башында турган ишкерлер делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алтай тарап кыргыз өлкөсүнүн рыногуна кирүүнү ниет кылууда. Делегациянын өкүлдөрүнүн айтымында, алар кыргыз мамлекетине айыл чарба техникаларын ташууну, ошондой эле биргеликте кураштыруучу текзат ишканаларын ачууну сунушташууда.

Өз учурунда министр Таалайбек Айдаралиев Орусия тараптын мындай сунушуна кызыкдар экенин билдирип, 20-23-майда «Айыл-агро-2015» айыл чарба техникаларынын көргөзмө-жарманкесине катышып кетүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан