Бишкектин Санитардык-экологиялык инспекциясы өзүнүн кезектеги рейдинде шаардын Чүй кең көчөсүндө жайгашкан пластикалык терезе чыгарган ишкананын айланасы антисанитардык абалда экендигин аныктады. Мекеменин жанында таштандылар өрттөлүп, тазаланган эмес.
Инспекторлор Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 489-беренесине ылайык протокол түзүп, аны Свердлов районунун административдик комиссиясынын кароосуна жиберишти.