Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 26-мартта БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын кыргыз мамлекетиндеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Маки Шинохара менен жолугушту. "Кыргыз жеринде качкындар көйгөйүнө өзгөчө маани берилет. БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын көмөгү менен мыйзам базасы түзүлүп, качкындардын статусун аныктоо боюнча керектүү процедуралар жана механизмдер иштелип чыкты",- деп билдирди Маматалиев. Өкмөттүн маалымат кызматына таянсак, тараптар Ооганстандагы этникалык кыргыздарды тарыхый мекенине кайтаруу маселесин да талкуулашты.
БУУнун өкүлү качкындардын маселесин чечүүдө туруктуу колдоо көрсөтүп жатканы үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.