Казакстандын элчиси: "Кыргыз-казак мамилелерин бекемдөө боюнча Казакстан принципиалдуу көз карашта"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 26-мартта кыргыз мамлекетиндеги дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу Казакстандын кыргыз жериндеги элчиси Бейбит Исабаевди кабыл алды. Спикер кыргыз мамлекетинин Бажы союзуна жана Евразиялык экономикалык мейкиндикке кошулуу процессинде Казакстандын көрсөткөн колдоосу үчүн элчиге ыраазычылык айтты. “Кыргыз Республикасы Казакстан менен бири-биринин кызыкчылыктарын сыйлоого жана эки тарапка тең пайдалуу кызматташууга негизделген достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет”,- дейт төрага.

Исабаев эки тараптуу мамилелер мындан ары дагы бекемделерин белгилеп: “Бул маселеде Казакстан принципиалдуу көз карашта”,- деп билдирди. 

Тараптар мамлекеттик башкаруу системин жана административдик-аймактык реформаларды өркүндөтүү маселелери боюнча да пикир алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан