Төрөбай Зулпукаров "2010-жылдын 7-апрелинде чыныгы элдик революция болду" деди

Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров 26-мартта Апрель окуясын эскерүү иш-чарасына катышты. Анда сөз сүйлөгөн вице-спикер 2010-жылдын 7-апрелинде өлкөнүн келечеги, элдин жыргалчылыгы үчүн эч нерседен кайра тартпай турган эр-азаматтардын эрдигин белгиледи. “7-апрелде кандуу режимди кулатуу оңойго турган жок. Ошол кездеги авторитардык бийликтин аткан огунан токсонго чукул эр-азаматыбыз шейит кетти, жүздөгөн жигиттерибиз өмүр бою майып болуп калышты. Элдин сүрүнө туруштук бере албаган бийлик кулады, кыргыз мамлекетинде чыныгы элдик революция жүзөгө ашты. Чыныгы элдик бийлик орноду”,- дейт депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан