Аба ырайынын кескин өзгөрүшү гүлдөгөн өрүктөрдү жазгы кардын алдында калтырды (фото)

Март айынын соңку күндөрүндөгү кар шаардыктарга күтүүсүз аба ырайын тартуулады. Жаз майрамдарында күн жаркырап нурун төгүп турган болсо, март айынын акыркы күндөрүндө жамгыр аралаш кар жаады.  
Аба ырайынын өзгөрүшү жаңы бүчүр ачкан дарактарды карга ороду. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратып, мал баккандарга кыйынчылык жаратары шексиз. 
Тийиштүү мекемелер 30-марттан 2-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу билдирүү жасап, өлкөнүн тоолуу райондорундагы унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталарын маалымдашты. Жолдор тайгак болгондуктан, унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Белгилей кетсек, 30-мартта таңкы саат 04:00дөн 07:00гө чейин абанын температурасы -14°... -15°C болуп, дээрлик 90 жылдагы рекорддук суук катталган. Буга чейин 1949-жылы дал ушул күнү абанын температурасы -4,9°C болгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
beka995
2015-03-30 14:30:34
айылда каар аябай жаады азр дагы жаап жатат
0
talant87
2015-03-30 14:42:29
ошого айтканда кыргызтанда Каарда жатып гулдогон гулду узуп жытайсын деп керемт менин жерим КЫРГЫЗТАН
+2
danyshman
2015-03-30 16:51:00
Эми быйыл дагы орук жебей калабызбы.
+2
mekenchil_jigit
2015-03-30 17:42:34
Бул кетиште өрүкзарлуу Баткендиктер банкрот болушат го
+2
Zamknutaya92
2015-03-30 22:08:39
Кар жаап маанайды тушурду да, отургузган кочотторду суук уруп кетти.
0
kama_future_millioner
2015-03-31 09:58:18
Күүүн ысссыкккыы деп жыргап аттык эле эми кун сукккккыыы деп калат экенбиздаа
+1
jasi
2015-03-31 10:38:43
Бишкекте Ошко караганда кар аз окшойт, бизде почти 15см болду
+2
bekos2012
2015-03-31 10:48:50
Таш-Комурдо 35-40 см кар жатат
0
kerakg
2015-03-31 11:11:58
Бул жааган кардын пайдасынан зыяны коп болду го, кайран Баткен кантти экен. а Талас болсо Таластын кышы жазында дегендей, Таласта кээде 9 майда да кар жаап коет жини келсе.
0
chon-alai90
2015-03-31 12:53:53
бардык нерсе алладан сабыр эткиле
0
jigit.paren
2015-03-31 13:03:26
кудай жалгап бизде Жетиогуздо кар жааган жок себелеп келип кун чайыттай ачылып кетти. Биз жактын орукторун жейсинер бизде гул ачыла элек.
0
kazemir
2015-03-31 13:54:10
Орукторду ушук алды Баткен аймагы банкрот,Эми кара (насывай) тамеки эгишет гектарлап ,орук болбосо тамекиден пайда корушот,а Дарада бираз кечиреек гулдойт ошолор жыргашат орукту кымбат сатышып.
0
konya
2015-03-31 16:32:05
Дарада деген каякта?
0
chet-kyzyl
2015-03-31 17:14:58
konya, Дара айыл окмоту
0
aash
2015-03-31 17:32:15
Тон районуда каардын "к" сы да жок.
0
begai93
2015-03-31 20:25:47
Аябай жаман эле болуптур!негизи ар бир мезгил оз убагы менен болгон жакшы.Айыл чарбасына ото чон зыян келтириптир! Бечара дыйкандар "ТСга кирсек ондургон продукцияларыбыз кымбат болот", деп суйунуп атышат эле,эми кейитип бекер эле жаады.
Москвада да 2.3 кундон бери аябай катуу шамал,суук болуп аткан,кечеетен кар жаап бугун бир аз жылуу болуп калды.Кантседа Кудайымдын куну айла жок чыдайбыз баарына.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан