Европалык союз Кыргыз Республикасынын социалдык тармагын колдоого 30 миллион евро грант бөлүп берет

Бүгүн, 30-март күнү Брюссель шаарында КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Бельгияда өтүп жаткан президент Алмазбек Атамбаевдин расмий иш сапары боюнча брифинг берди. Анын айтымында, Кыргыз Республикасы менен Европалык союздун ортосунда социалдык тармакты колдоо үчүн 30 миллион евро грант бөлүп берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду.
"Жалпы жонунан алганда, Брюсселдеги жолугушуулар ийгиликтүү өтүп жатат. Бизде Европалык союз кыргыз өлкөсүнө чоң көңүл бурду деген ишеним пайда болду. Өнөктөштөр өлкөдөгү демократиялык процесстерге, ачык-айкындуулукка жана парламенттик системди бекемдөөгө маани беришти. Жакын арада биз Европалык союздан түрдүү тармактар боюнча колдоо алганы турабыз",- деди Сапар Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан