Кечээ, 30-март күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Брюссель шаарында ханзаада Карим Ага-хан IV менен жолугушту. Карим Ага-хан IV ал үчүн атайын Париж шаарынан учуп келди. Жолугушууда кыргыз өлкөсү менен Өнүктүрүү боюнча Ага-хан уюмунун кызматташуу абалы, келечеги тууралуу маселелер талкууга алынды. Ошондой эле түрдүү тармактардагы бирдиктүү долбоорлордун ишке ашуу жүрүшү сүйлөшүлдү.