Башкы прокурор: "Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөөнүн жыйынтыгы 10-апрелден кийин чыгары күтүлүүдө"

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөөнүн мөөнөтү 10-апрелге чейин деп бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, 3-мартта облустук прокуратуранын токтому менен К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөө амалдары жанданган. "Тергөө мөөнөтү 10-апрелге чейин деп бекитилген, тергөөнү улантуу үчүн материалдар Чүй облустук ИИБинин Тергөө башкармалыгына жөнөтүлгөн. Бул иштин конкреттүү фактыларын тергөөнүн кызыкчылыктары үчүн айта албайм",- деди башкы прокурор.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан