“Баарына өчөшкөндөй, акыркы 5 жылдын ичинде өлкө бутуна туруп келе жатат. Соңку 3 жылда бюджеттин киреше бөлүгү 2 эсеге, бажы төлөмдөр 3 эсеге өстү. Бул көрүнүш коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизинде келип чыкты. Мурун чогулган каражаттын үчтөн эки бөлүгү уурулардын чөнтөгүнө кетчү. Азыр ошол уурулар бакубат жашоодо, керек болсо канадалык соттор аркылуу кыргыз өлкөсүнүн активдерин арестке алып жатышат. Өлкөнү уурдап-тоногон Бакиевдердин үй-бүлөсү ошол эле европалык өлкөдө өмүр сүрүп, өз мамлекетин талап-тоногонун улантууда”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Ал мындай сөзүн кечээ, 30-март күнү Бельгияда өтүп жаткан расмий иш сапарынын алкагында эксперттик жана журналисттик коомчулуктун, ошондой эле Бельгия падышачылыгында кызмат өтөп жаткан дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.
“Кыргыз мамлекети ошол эле Украина же Грузия үчүн демократияны куруу боюнча үлгү болуп бере алмак. Биздин жерибизге келип карап көрсөңүздөр болот. Ооба, бизге оор. Анткени жаныбызда бизге такыр окшобогон өлкөлөр бар, алардын өнүгүү жолу биздикинен кыйла айырмаланат”,- деди президент.