Түркиядагы кыргыз элчилиги биометрикалык маалыматтарды чогултууну улантууда

Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги аталган өлкөгө келген кыргыз жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултууну улантууда. Бул тууралуу 30-мартта ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн аптанын соңунда элчиликке келүүгө мүмкүнчүлүгү жок Түркиядагы аскердик окуу жайда билим алып жаткан курсанттарга элчиликтин өкүлдөрү биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн барышкан. 

Апрель айында Конья, Кастамону, Малатья шаарларындагы жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу пландалууда. Биометрикалык маалыматты чогултуу пункту элчиликтин консулдук бөлүмүндө саат 09:00дөн 17:30га чейин иш алып барууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан