Кувейтте кыргыз мамлекети менен маданий байланышты күчөтүү маселеси талкууланды

Кыргыз мамлекетинин Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов 30-мартта аталган өлкөнүн маданият, искусство жана адабият боюнча Улуттук кеңешинин башкы катчысы Али Хусейн аль-Юха менен жолугушту. ТИМдин маалымат кызматы 31-мартта билдиргендей, жолугушууда кыргыз мамлекети менен Кувейттин ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүү маселеси талкууланды. 
"Кувейтте Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн өткөрүүгө даярдык көрүү, тармакта укуктук-келишимдик базаны түзүү жана башка маселелер талкууланды",- деп билдирет ТИМдин маалымат кызматы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан